При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Аравандагы окуучулар бычакташып мушташкан окуяда 28 жаштагы тургун да болгон (видео)

Turmush -  Араван районунун Төбө-Коргон айыл өкмөтүнүн 2 айылынын окуучулары бачакташып, 4 окуучу жабыр тартты. Оорукананын дарыгерлери окуучулардын абалы учурда жакшы деген пикирди айтса, милиция окуя териштирилип, 4 шектүү кармалганын билдирди.

Мушташка 21-январь күнү өткөн баскетбол оюнундагы түртүшө кетүү себеп болгон. Массалык мушташта далысына бычак тийген С.Э. окуя болгон жерге досунун чакыруусу менен барганын айтты.

«Мен үйдө тамактанып олтурсам досум телефон чалып кошуна айылдын балдары чакырып жатканын айтты. Анан биз чогуу алар чакырган жерге бардык. Ортодо уруш жаралып, менин аркаман бирөө уруп жиберди. Кийин далыма катуу бир деме тийгендей болду. Ошол менен кийин эмне болгонун билбей калдым. Бир карасам эле ооруканада жүрүптүрбүз», - деди ал.
Мушташта Уйгур-Абад айылынын 4 окуучусу Төбө-Коргон айылынын 4 окуучусун жолугушууга чакырган. Эки тарап баскетбол оюнунда түртүшүүнүн себебин сүйлөшүү үчүн чогулуп, натыйжада бычак колдонгон мушташууга чейин барышкан. Дарыгерлер учурда бычак тийген окуучуларга операция жасашууда. Оор жарат алган 9-класстын окуучусу Ошко жөнөтүлүп, ага дагы операция жасалганын билдирди.

Араван аймактык ооруканасынын башчысы Усаманжан Мамажанов балдар бычактан денелеринин ар кайсы жерине жаракат алгандыгын билдирди.

«Окуучулар 21-январь күнү түнкү саат 23:00 чамасында ооруканага кайрылышкан. Ошол эле учурда дарыгерлер тарабынан тиешелүү жардамдар берилген. Учурда 3 окуучу дарыгерлердин көзмөлүндө турат. 1 окуучу Ошко жөнөтүлдү. Биздин оруканада дарыланып жаткан 3 окуучунун биринин далысына бычак тийген. Биринин башына катуу сокку болгон. Биринин колуна мушташ учурунда бычак сайылган», - деди дарыгер.


Бычакташууга тиешеси бар деген 4 окуучу Араван райондук милициясында сурак берүүдө. Шектүү катары кармалган 4 адамдын бири 28 жаштагы тургун. Ал эми 3 шериги 17-18 жаштагы балдар.

«Биздин айылда буга чейин мындай окуя катталган эмес. Бирок бул окуя акыйкат териштирилип күнөлүүлөр жазаланышы керек. Ата-энелер башка нерсе талап кылбайбыз. Баардыгы мыйзам чегинде жазасын алсын», - дейт жабырлануучу окуучулардын биринин атасы Асылбек Мамадалиев.

Ош облусттук ички ичтер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев окуучулардын бычакташуусу иликтенип жатканын билдирди.

«Окуя боюнча Араван райондук милициясы жабырлануучулар боюнча ооруканага барып сурамжылоо жүргүзгөн. Тепе-Коргон айыл өкмөтүндө 4 мектептин ортосунда баскетбол оюну боюнча мелдеш өткөн. Мелдеште 2 мектептин окуучулары түртүшө кетип, ажыратып койгондон кийин тарап кетишкен. Болжол менен 20:30дар чамасында биринчи тарап экинчи тарапты телефон аркылуу чакырып өздөрүнчө уруша кетишкен. Чакырган тарап келген тарапты бачактап койгон. Бул окуяда кимдер кандай аракет жасаганы тергөөнүн жүрүшүндө маалым болот. Күнөлүү делген 4 жаран учурда убактылуу кармоочу жайда кармалып турат», - деди Ашырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
01.01.1970, 06:00
×