Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-февраль

При поддержке MegaCom

Айыл турмушу: Өзгөндүк мугалим Н.Исмаилова кесибин таштап дизайнер болду (видео)

Turmush -  Өзгөндүк 26 жаштагы дизайнер Насыйкат Исмаилова өзүнүн брендин негиздегенге аракет жасап жатат. Аймактык кабарчы жаш кол өнөрчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Өзгөн районунун Куршаб айылында чоңойгон. Чеберчиликке бала кезинен бери кызыгат. Оштогу окуу жайлардын бирин аяктаган соң мугалим болуп да эмегектенген. Бирок айлык акынын аздыгынан улам, өз алдынча үйүндө эле кыз-келиндер кечеге кийүүчү көйнөктөрдү тиге баштаган.

«Мен кичине кезимде дарыгер болом дечүмүн. Кийин мектепти бүткөн соң, дизайнер болууну чечтим», - деди Исмайлова.

Тигүүчүлук менен 17 жашынан тартып алектенип келет. Буга чейин жалпысынан кийимдердин 6 коллекциясын чыгарган. Тиккен көйнөктөрү республикалык деңгээлдеги мода кечелеринде көрсөтүлгөн.

«Kyrgyzstan fashionге» катышып келдик. Байгелүү орундарга жетишкен жокбуз. Биз үчүн ага катышуунун өзү жеңиш болду», - деди дизайнер.

Н.Исмаилова тиккен көйнөктөрүн интернет аркылуу сатуу аракетин көрүп жатат. Дүкөн ачып келечекте атайын өзүнүн брендин түптөйм деген илгери үммүттөрү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2005
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
01.01.1970, 06:00
×