h Turmush: Айыл турмушу: 70 жаштагы Мамыт ата велосипед менен ажыга барууну көздөп жатат (видео)

При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Айыл турмушу: 70 жаштагы Мамыт ата велосипед менен ажыга барууну көздөп жатат (видео)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Бугу айылыны тургуну Мамыт Таштанов 70 жашка чыкканына карабай коньки тээп, татаал көнүгүүлөрдү жасап, эртең менен сөзсүз гимнастика кылат. Аймактык кабарчы спортчу аксакал менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда түштүк аймакда хоккей командасын түзсөм деген максатта жүрөт. Спорттогу ийгиликтери аскердик кызматта жүргөнүндө башталып, эркин күрөш боюнча өзү кызмат өтөгөн бөлүмдө биринчиликти алган. Андан кийин дзюдо боюнча машыгып, 1 жыл ичинде спорттун чебери болууга жетишкен. Өлкө боюнча 1-2-орундарды алып жүргөн.

1992-жылы Чоң-Алайга 20га жакын машыктырууулар менен биргеликте спорт мектебин ачкан. Ал жердеги дзюдо, эрежесиз эр таймаш, шахмат, жеңил атлетика, волейбол жана футбол боюнча ийримдер ушул убакка чейин иштеп, бир канча спортчулар чемпион болушкан. Мындан сырткары хоккей боюнча команда топтоо аракетин көрүп, Чоң-Алай районунда ачык асман астында балдарды машыктырып, 2 ирет республикалык чемпионатка барып катышып келишкен.

«Ал жердеги командалар үзгүлтүксүз машыгышат экен. Биздин деңгээл төмөн болуп калды. Жеңишке жетише албадык. Азыр түштүк боюнча хоккей командасы жок болгондугуна байланыштуу, команда топтоп чет мамлекеттерге чемпионаттарга катышсак деген ойдомун. Муниципиалдык муз тебүүчү аянт салалык деп Ош шаардык мэрияга кайрылдым. Каражат жок болуп токтоп турат», - деди аксакал.

Ал буга катар эле велосипед менен ажыга барууга даярданып жатканын айтты.

«7 мамлекеттин чек арасынан өтүп, бир күндө 100 чакырымдан жүрүп олтуруп жалпысынан 3 айдын ичинде жетип барам деп турам. Негизи спорт адамды карытпайт», - деди каарманыбыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6397
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
01.01.1970, 06:00
×