Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ош

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы кворум жок шайланбай калды

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөттүнүн башчысын шайлоого депутаттар аз келгендиктен кворум болбой калды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Чоң-Алай району боюнча атайын өкүлү Апиза Бакыбекова билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыгына 3 талапкер койгон.

«Айыл өкмөт башчылыгына Таирбек Жайчибеков, Аманилла Абдылдаев, Касымбек Абдылдаев талапкерлигин койгон. Айылдык кеңеште жалпы 21 депутат бар. Анын ичинен шайлоого 12 гана депутат келгендиктен, кворум болбоду. Жобо боюнча 14 депутат катышса, кворум болмок. Эми борбордук шайлоо коммисиясы карап чыгып айыл өкмөт башчысын шайлоону 15 күндүн аралыгында белгилешет», - деди Бакыбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2433
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×