h Turmush: Араванда окуучулар арасында тынымсыз түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-март

Араванда окуучулар арасында тынымсыз түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Turmush -  Араванда окуучулардын бычакташкан мушташуусунан кийин мектептерде тынымсыз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев билдиргендей, окуучулардын чырлашуусун алдын алуу максатында ата-энелер, окуучулар менен жолугушуулар өтүүдө.

«Араван районунун Төбө-Коргон айыл өкмөтүндө мектептеринде атайын жыйындар өткөрүлүүдө. Ал жыйынга райондун прокурору, РИИБдин башчысы, атайын адастер катышты. Буга чейин дагы 4 мектепте түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Азыркы учурда жалпы 6 мектепте түшүндүрүү иши өттү», - деди Айтибаев.

21-январда Арвандын Төбө-Коргон айыл өкмөтүндө эки айылдын окуучулары баскетбол оюнунан кийин чырдашып бычакташып, 4 окуучу ооруканага кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1746
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×