Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Жаш талант: Таэквондого эрте аралашкан А.Тайлакова 15 жашында машыктыруучу болууга жетишти (фото)

Turmush -  Кара-Суу шаарынын 15 жаштагы тургуну Айганыш Тайлакова спорттун таэквондо түрү менен эрте машыгып баштаган. Ал өзү теңдүүлөрдөн айырмаланып, жаш экенине карабай машыктыруучу болууга жетишти. Кыялы акырындап орундалып жаткан Айганыш менен аймактык кабарчы таанышып келди.

«Мен кичине кезимде эле спортчу болууна каалачумун. Бир күнү мектепке барсам спортчу кыздар келип, окуучуларды машыгуу залына чакырып жүрүптүр. Мен дароо макул болуп, жазылдым. Ошол күндөн тартып спортко болгон кызыгуум күч алды. Машыктыруучулардын жардамы менен мелдештерге даярдана баштадым. Арадан 5 ай өткөндө шаарда өткөн мелдештерге катышып, өзүм теңдүүлөр арасынан алдыга чыгып, кара курга ээ болдум. Бул менин алгачкы жеңишим болду», - деди ал.

Эки жыл аралыгында көптөгөн ийгиликтерге жетишкен Айганыш учурда өзү теңдүү окуучуларга таэквондо боюнча билгендерин үйрөтөт. 

«Менин машыктыруучу агайым ийгиликтерди багындыруу үчүн өзүң билгендерди башкаларга үйрөт деп кеңеш берди. Андан улам Шарк айыл өкмөтүндөгү Т.Мусаев атындагы мектептин спортко кызыккан окуучу кыздарын топтоп, таэквондо боюнча машыктырып жатам. Алгач өзүм менен тең окуучуларды машыктыруу ыңгайсыз болду. Акырындык менен көнүп калдым», - деди Айганыш.

Айганыш кол өнөрчүлүктүн сырларын да жакшы билет. «Биз үй-бүлөбүз менен уз-чебербиз. Апамдын жолун жолдоп, мен да бул өнөрдү өздөштүрдүм. Бош убактымда апама жардам берип, жууркандарды, төшөктөрдү жасайм», - деди А.Тайлакова.

Айганыш келечекте кыздар үчүн спорт мектебин ачууну максат кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 798
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу