Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Ош

Өзгөндөгү Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп бокс, кикбоксинг боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону шайланды

Turmush -  Өзгөн районундагы Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Максат Ибраимов шайланды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Кабарчыга маалымдалгандай, айыл өкмөт башчылыгына 3 талапкер катталып, бирок экөө шайлоого чейин талапкерликтен баш тартышкан.

Шайлоонун жыйынтыгында айылдык кеңештеги жалпы 21 депутаттын 17и Максат Ибраимовду колдоп добуш берген. М.Ибраимов бокс, кикбоксинг боюнча спорттун чебери. Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Жаш спортчуларды да машыктырган. Ал Ош шаардык спорт комитетинде жана башка кызматтарда иштеген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2771
Көп окулду
×