Бөлүмдөр
Ишемби, 25-февраль

При поддержке MegaCom

Ноокаттагы жер адиси Б.Ташболот уулу Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Ташболот уулу Бексултан шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.

Кечээ, 1-февралда өткөн шайлоодо айыл өкмөт башчылыкка Ташболот уулу Бексултан, Орозгүл Исабаева жана Абдурашут Кадырбердиев талапкер болушту. Шайлоого жалпы 21 депутат катышып, Ташболот уулу Бексултан 19 добуш, Абдурашут Кадырбердиев 2 добуш алса, Орозгүл Исабаева добуш алган эмес.

Жеңишке жетишкен Ташболот уулу Бексултан 1973-жылы туулган. Буга чейин аталган айыл өкмөттө жер адиси болуп иштеп келген.

Ноокат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1274
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×