При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кайрадан К.Турдумаматов шайланды

Turmush -  Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2-ирет Каримжан Турдумаматов шайланды. Бул тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Нурмамат Сулайманов кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыгына 3 талапкер ат салышкан.

«Айыл өкмөт башчылыгына Медербек Тагайбеков, Турдали Кубаныч уулу, Каримжан Турдумаматов талапкерлигин койгон. Айылдык кеңеште жалпы 21 депутат бар. Алардын 13ү Каримжан Турдумаматовго добуш беришти», - деди ал.

56 жаштагы Каримжан Турдумаматов кесиби боюнча инженер-механик.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1676
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
01.01.1970, 06:00
×