При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 1-май

Ноокаттын соту 11 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылуу фактысын кароодон баш тартты, - жабырлануучу

Turmush -  Ноокат райондук соту 11 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылуу фактысы менен козголгон ишти кароодон баш тартты. Бул тууралуу жабырлануучу кыздын апасы Насиба Нурматова кабарчыга билдирди.

«Эки күн мурда Ош облустук сотунан мага кат келди. Катта Ноокат райондук соту ишти кароодон баш тарткандан улам иш Ош облустук сотунда каралат деп жазылыптыр. Бирок, отурум кайсы күнү өтө турганы жазылбаптыр», - деди Н.Нурматова.

Зордуктоого аракет кылуу фактысы 2016-жылдын 12-июнунда катталган. Жабырлануучу кыздын жакындары райондук прокуратурага арызданган. Милиция бул окуяны кароодон баш тарткан. Прокуратура бул ишти текшерип, шектүү катары 30 жаштагы А.Х.ны кармаган.

Бул иш боюнча бир нече жолу сот отуруму өтүп, тараптар толук катышпаганына байланыштуу иш создугуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1715
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×