Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Бөрүлүү мезгил: Кара-Кулжада жоголгон топозун издеп жүргөн мергенчи 5 карышкырды атып өлтүрдү (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Коо-Чаты айылынын 41 жаштагы тургуну Куштарбек Кадиев 10 күндө 5 карышкыр атып өлтүрдү.

Анын айтымында, акыркы күндөрү карышкырлар айыл аймакка чейин кирип келүүдө.

«Мен айылдагы алыскы жана жакынкы жайлоолорго дайынсыз жоголгон топоздорумду издеп чыккам. Бул карышкырларды ошол учурда атып алдым. 18-ноябрда калың жааган кардан улам дайынсыз жоголгон топоздорумду азыркы күнгө чейин таба элекмин», - деди мергенчи Куштарбек Кадиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2759
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×