Бөлүмдөр
Ишемби, 25-февраль

При поддержке MegaCom

Өзгөндөгү Көлдүк жана Чаңгет айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

Turmush -  Өзгөн районундагы Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2-ирет Советбек Караев шайланды. Бул тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Нурмамат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыкка бир гана талапкер көрсөтүлгөн. Депутаттар аны бир добуштан колдошту.

Ал эми Чаңгет айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Мансурали Ниязов шайланды. Чаңгет айыл өкмөтүндө да бир гана талапкер катталган. Айылдык кеңештеги 11 депутат М.Ниязовдун талапкерлигин колдоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1757
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×