При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Өзгөн шаарынын мэри болуп кайрадан С.Пратов шайланды (резюме)

Turmush -  Бүгүн, 3-февралда Өзгөн шаарынын мэри болуп кайрадан Саипжон Пратов шайланды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мэрликке бир гана талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңеште жалпы 31 депутат болсо, анын ичинен 24 эл өкүлү Пратовдун талапкерлигин колдоду. Саипжон Пратов бир жылдан бери Өзгөн шаарын башкарып келген.

С.Пратов 1975-жылы Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган.

Билими:

- Салижан Шарипов атындагы мектепти 1993-жылы аяктаган;

- 1997-жылы Ош технологиялык университетинин Өзгөн билим берүү жана технология институтунда экономист адистиги боюнча билим алган;

- 2006-2012-жылдары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ун иштеп чыгаруучу заводдун директору болгон;

- Өзгөн шаардык кеңештин депутаты;

- 2016-жылдан бери Өзгөн шаарынын мэри.

Үй-бүлөлүү, эки уул, үч кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 954
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×