Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Ош

Кара-Кулжадагы кар көчкү 25 жаштагы чек арачыны басып калды

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 104-чакырымында бүгүн түнү кар көчкү басып калган чек арачынын аты-жөнү такталды. Жергиликтүү жашоочулар аймактык кабарчыга билдиргендей, көчкүдөн 1992-жылкы туулган Абдыкайым уулу Нурдин көз жумду.

ӨКМдин маалыматы боюнча, чек арачылар «УАЗ» унаасы менен чыккан. Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек-Чаты чегинде көчкү түшкөн учурда чек арачылар унаадан бир аз алыс аралыкта жүрүшкөн. Көчкү түшкөндө 3 чек арачы качып кетүүгө үлгүрүп, бири жетишпей калган. Чек арачынын денеси табылып, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнө берилди.

Министрликтин райондук бөлүмүнүн башчысы жана №66 өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кырсык болгон жерге чыгып кеткен. Тазалоо иштерине №26 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1787
×