При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-март

Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп 34 жаштагы П.Бактыбаев дайындалды

Turmush -  Чоң-Алай районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Пазыл Бактыбаев дайындалды. Бул тууралуу райадминистрациядан кабарчыга билдиришти.

П.Бактыбаев 1983-жылы Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында туулган. Орус тили жана адабияты сабагы боюнча мугалимдик кесиптин ээси.

Эмгек жолу:

- 2004-2005-жылдары Ош шаарындагы №17 Ю.А.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясында мугалим;

- 2005-2008-жылдары «Жаш мугалимдин депозити» программасы боюнча Чоң-Алай районундагы С.Осмонов атындагы орто мектебинде мугалим, директордун тарбия иштери боюнча орун басары; 

- 2005-2010-жылдары С.Осмонов атындагы мектебинде уюштуруучу;

- 2008-2010-жылдары айылдык кеңештин депутаты;

- 2010-2011-жылдары Жекенди айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

- 2012-жылдын февраль айынан август айына чейин Чоң-Алай районунун билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис;

- 2012-2013-жылдары Чоң-Алай райондук администрациясынын социалдык сектор башчысы.

Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 1 уулдун атасы.

IMG-20170204-WA0001

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 515
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×