При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Кара-Кулжада чек арачыны басып калган кар көчкүнүн алдындагы унаа чыгарылды (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 104-чакырымы кар көчкүдөн тазаланды. Учурда каттам ачык, деп билдирди ӨКМ.

Кызыл-Жар айыл аймагынын Терек-Чаты чегинде кечээ, 4-февралга караган түнү түшкөн көчкү 25 жаштагы чек арачыны басып калды. Анын жанындагы 3 чек арачы качып кетүүгө үлгүргөн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, чек арачылар «УАЗ» унаасы менен чыккан. Көчкү түшкөн учурда алар унаадан бир аз алыс аралыкта жүрүшкөн.

Чек арачынын денеси табылып, Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнө берилди. Көчкүнүн алдындагы унаа дагы чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 766
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу