Бөлүмдөр
Ишемби, 25-февраль

При поддержке MegaCom

Жекенди айыл өкмөтүндө кардын бийиктиги 2 метрге жетти, - райадминистарция (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу, Чоң-Алай жана Жекенди айыл аймактарында 4-февралга караган түнү калыңдыгы 70-80 см кар жаады. Бул тууралуу райондун аппарат жетекчиси Файзидин Низамов билдирди.

Анын айтымында, кардан улам 16 айылдагы 72 чакырым ички чарбалык жолдор жабылып калган. Дароот-Коргон—Чак—Жаш-Тилек унаа жолундагы кар көчкү тазаланып жатат. Район аймагында буга чейин жааган кардын бийиктиги 2 метрге жеткен.

«Жекенди айыл өкмөтүндө кардын бийиктиги 2 метрге жетти. Райондун борбору болгон Дароот-Коргондо учурда кардын калыңдыгы 1,5 метрди түзүүдө. Районго караган №16 жол тейлөө ишканасы тынымсыз иштеп жатат», - деди Ф.Низамов.

№16 жол тейлөө ишканасынын башчысы Абдырасул Кангелдиевдин айтымында, негизги унаа жолдор тазаланып, каттам ачылды.

«Сары-Таш—Карамык унаа жолундагы 98-чакырымга жана Дароот-Коргон— Чак—Жаш-Тилек унаа жолуна кар көчкү түштү. Жалпы 6 техника бир жумадан бери тынымсыз жол тазалап жатат», - деди А.Кангелдиев.  

ӨКМ кечээ, 5-февралда райондун 9 айылындагы 39 чакырым ички чарбалык жол кардан тазаланганын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 397
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×