Turmush - Аравандагы Жаңы-Арык айылынын 23 жаштагы тургуну Бегимай Жолдошованын келбетин тааныштары ырчы Айгерим Расул кызына окшоштурушат. Бегимай көпчүлүктүн пикиринен кийин ырчынын сүрөтү менен өзүнүн келбетин салыштырып көргөн.
«Сүрөттөрдү карап, бир аз окшоштук бар экенин байкадым. Ырчылыкка кызыкпайм, ырдап дагы көргөн эмесмин», - деди ал.
Б.Жолдошова учурда Россиянын Москва шаарында эмгектенип жатат. Ал жөнөкөйлүк сапат адамды бийиктикке жетелейт, деп эсептейт.
Бегимай
Айгерим Расул кызы
Бегимай