При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Ош облусунда илим, техника жана өндүрүш жумалыгы башталды

Turmush -  Ош облусундагы бардык райондордо илим, техника жана өндүрүш жумалыгы башталды. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун эстетика бөлүмүнүн жетекчиси Диларам Нуралиева билдирди.

Өзгөн районундагы А.Тангатаров атындагы мектепке райондогу техникага кызыккан окуучулар чогулуп, өздөрү ойлоп тапкан табылгалары менен тааныштырып жатышат. Ошондой эле, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө облустук деңгээлдеги иш-чара уюштурулду.

Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы ушул жуманын аягына чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 326
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
01.01.1970, 06:00
×