При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Өспүрүм кызды зордуктап, кайра коркутууга алган шектүү балдар камала элек, - жабырлануучулар

Turmush -  Кара-Кулжа районунда өспүрүм кызды зордуктап, ошол учурда тартылган видеону интернетке жарыялай турганын айтып коркутууга шектелген балдар камакка алына элек. Бул тууралуу жабыркаган кыздын атасы Бексултан Акматов билдирди.

«Балдарды суракка алып жатат. Бирок камакка алына элек», - деди жабырлануучунун атасы.

Маалыматта айтылгандай, 2016-жылдын март айында Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылында жашаган 16 жаштагы кызды 25-26 жаштагы балдар күч колдонуп зордуктап кетишкен. Зордукталган кыз окуяны жашырып жүрүп, өткөн жылдын 5-декабрында көз жарган. Кара-Кулжа аймактык ооруканасынын маалыматы боюнча, жабырлануучу кыз ооруканага оор абалда жеткирилип, уул төрөгөн. Учурда эне-баланын абалы жакшы.

Белгилүү болгондой, кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (жыныстык мүнѳздѳгү аракеттерге мажбурлоо) менен козголгон. Буга чейин Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, ишти Кара-Кулжа РИИБдин тергөөчүсү Ч.Арыкбаев тергеп жатат.

«Өспүрүм кыз төрөгүчө эч кимге окуя тууралуу айткан эмес. Кара-Кулжа РИИБ факты боюнча 131-берене менен кылмыш ишин козгоду. Кыздын көрсөтмөсү ар башка болгондуктан ымыркайдын атасы белгисиз. Соттук-медициналык экспертиза кыз зордукталган эмес деп корутунду чыгарган. Ымыркай 1 жашка чыкканда канынан (ДНК) анализ алынышы мүмкүн. Учурда териштирүү иштери уланууда», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 441
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
01.01.1970, 06:00
×