Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Элдик уламыш: Дөөт пайгамбардын Баткендеги темир устаканасына келгендер көп (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Чаувай айылынын кире беришинде жайгашкан «Дөөт пирим» зыярат кылуу жайына көп адамдар келишет. Бул тууралуу райондун Үч-Коргон айылынын 90 жаштагы тургуну Төрөбек Досанов билдирди.

Анын айтымында, жолдун боюнда чоң таш бар. Бул ташты Дөөт пайгамбар темир иштеткенде колдонгон деген ишеним бар. Айрым уламыштарга караганда, пайгамбар ушул аймакта темир устакана курганы айтылып келет. Ошондуктан Дөөт пайгамбарды устачылыктын, темирдин пири деп аташып, жаңы автоунаа алгандар «Дөөт пиримге» барып курмандык чалышат. Анын пайгамбар болгону Куранда да айтылган. Дөөт пайгамбар кайтыш болгон соң пайгамбарлык жана падышалык анын уулу Сулайман пайгамбарга мурас катары берилген.

«Дөөт пиримде» зыяратчылар үчүн эс алуучу тапчандар, тамак жасаганга очоктор бар. Ошол жерде курулган мечитке кирип намаз окушат. Мечитке атаган буюмдар болсо калтырылат. Зыярат кылуучу жайдагы айрым таштарда оймо-чиймелери бар. Жыл өткөн сайын таштар сапатын жоготуп, тарыхый жазуулар өчүп, азыр алардын кээ бирлерин гана көрүүгө болот. СССР тарагандан кийин сыйынууга келген өзбекстандык жеке ишкер «Дөөт пиримди» бир сыйра оңдоодон өткөрүп, айланасын тостуруп кеткен. Имарат азыркы учурда кайрадан оңдоого муктаж. Бул жайга миңдеген адамдар сыйынууга келгендиктен жылына Чаувай айылындагы аксакалдардын бири шайык болуп дайындалып, өзүнө жүктөлгөн ишти аткарат.

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Абдинаби Кадыров Дөөт пайгамбардын темир устаканасы Лейлек районунун Өзгөрүш айылында да бар экенин айтты.

«Ал өзүнүн шакирттерине көрсөтпөй темир устаканасына тосмо тартып коюп, тосмонун артында кызарып турган чок темирди колу менен камырдай ийлеп буюм жасачу экен. Бир күнү бир шакирти тосмонун артында Дөөт пайгамбардын темирден кантип буюм жасап жатканына кызыгып, тосмону ачып жибергенде колундагы чоктой темирди ысык экен деп ыргытып жиберип кайып болуп кеткен экен. Аны азыркыга чейин темирдин пири деп атап келишет.

Биздин замандын 1-кылымынан тарта Баткен аймагында темир иштетүү, кен казуу өнүккөн. Аны Кең-Үңкүрдүн сакталып келе жатканы да тастыктайт. Ал Кең-Үңкүрдө 500 жыл темир өндүрүлүп иштеп турганы барына белгилүү. Андан сырткары, Баткен районунда миңге жакын темир өндүрүүчү жайлардын калдыктары калган», - деди Абдинаби Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5437
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×