Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ош

Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо 16-февралга белгиленди

Turmush -  Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 16-февралга белгиленди. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысынын орун басары Абдимиталип Акматов билдирди.

«Буга чейин 31-январда шайлоо өтүп, эки талапкер тең жетиштүү добуш топтогон эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын Кара-Суу аймагы боюнча өкүлдөрү шайлоодо 2 тарап тең утушка ээ болбогонун, алар мындан ары шайлоого катышуу укугунан ажыратылганын жарыялашкан.

Учурда айыл өкмөт башчылыгына 6 талапкер катталды», - деди ал.

Шарк айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу Арстанбек Жолдошев аткарып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1619
Көп окулду
×