Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-февраль

При поддержке MegaCom

Менчикке мыйзамсыз берилген бала бакчанын имараты Төө-Моюн айыл өкмөтүнө өттү

Turmush -  Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагынын Авиз айылындагы бала бакчанын имараты 1998-жылы жеке менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталды. Мыйзамсыз документтер Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн мурунку кызматкерлери тарабынан жасалган. Бул Араван райондук прокуратурасы тарабынан социалдык объектилерди максаттуу пайдалануу боюнча текшерүү жүргүзүлгөндө такталды.

Ал имаратты мамлекетке кайтаруу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, сот сатуу жана сатып алуу келишимин жараксыз деп тапкан. Жыйынтыгында Авиз айылында жайгашкан 140 орундуу имарат 0,63 гектар аянты менен айыл өкмөттүн балансына берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 255
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
01.01.1970, 06:00
×