Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Кара-Кулжада көчкү басып калган 25 жаштагы чек арачы экинчи айлыгын алып келе жаткан

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 104-чакырымында 4-февраль күнү кар көчкү жүрүп, чек арачыны басып калган.

Уулун жоготкон атанын айтымында, 25 жаштагы Абдыкайым уулу Нурдин чек ара тозотунда иштеп баштаганына 2 ай гана болгон. Ал Кара-Кулжа районунун Күйө-Таш айылында төрөлгөн.

«Уулум 9-класстын базасында Жалал-Абад шаарындагы кесиптик лицейден билим алып, аскерде 1 жыл кызмат өтөп келген. Андан соң 5 жыл жогорку окуу жайда окуп, 2016-жылы диплом алган. Кара-Кулжадагы чек ара тозотунда айдоочу болуп иштеп баштаганына 2 ай гана болгон. Алар ошол күнү Ош шаарынан эмгек акысын алып келе жатышкан. Каза болгон балам ортончусу болчу. Бир агасы, бир карындашы бар», - деди атасы Абдыкайым Элденов.

Мурда маалымдалгандай, көчкү түшкөндө 3 чек арачы качып кетүүгө үлгүрүп, Нурдин жетишпей калган. ӨКМдин маалыматы боюнча, чек арачылар «УАЗ» унаасы менен чыккан. Көчкү түшкөн учурда алар унаадан бир аз алыс аралыкта жүрүшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1342
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×