Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-февраль

При поддержке MegaCom

Ош—Бишкек жолунда жүргүнчүнү сүзүп өлтүрүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө

Turmush -  Ош облустук милициясынын Патрулдук кызматы Ош—Бишкек жолунун Өзгөндөгү тилкесинде жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, өзү качып кеткен айдоочуну тактоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы окуя бүгүн, 9-февралга караган түнү саат 2:30-5:00 чамасында болгонун билдирди. Азият түспөлүндөгү, 30-35 жаштар чамасындагы эркек кишинин денеси унаа жолдун 610-чакырымынан табылган. Жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.

Бул окуя тууралуу маалыматы барлар (03222) 5-52-44, (03222) 2-30-87 номурлары аркылуу патрулчуларга маалымат берсе болот. Купуялуулукту сактоого кепилдик берилет.

Жол транспорт кырсыгы болгон жер

окуя2

окуя 5

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 267
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
Учурда окулуп жатат
01.01.1970, 06:00
×