Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Ноокаттык энелер: Оштон жана Бишкектен батир алуу үчүн миллиондогон акча берип, бирок жасалма мөөргө алданып калдык (фото, видео)

Turmush -  Ноокат районунун эки тургуну арзан баада үй сатып берүүнү убадалаган таанышына ири суммада акча алдатканын айтууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда АКИпресс-Оштогу маалымат жыйында билдиришти.

Ноокаттагы Кыргыз-Ата айылынын тургуну Чолпонай Калбаеванын айтымында, Оштон жана Бишкектен үй алууну көздөп, бирок алданып калган. Ал алдамчыга Оштон үй алуу үчүн 25 миң доллар берсе, Бишкектен үй алам деп 1 млн сомдон ашуун акча берген.

«2015-жылдын июль айында үй сатып алууга аракет кылып жүргөм. Ошол учурда таанышым М.А. 2 бөлмөлүү үйдү 15-18 миң долларга сатып алса болот деп айтты. Мен ага жолугуп акча бергенде дүмүрчөк берген. Ал дүмүрчөктө мөөр басылып тургандыктан ишенгенбиз. Ага алгачкы жолу 26 миң сом, экинчи жолу 200 миң сом акча берсем, кийин 6 миң доллар бердим. Жалпысынан 24 миң долларды санап бергем», - деди ал.

Көп суммада акча берип, бирок үйдүн ачкычы колго тийбей создуга баштаганда Чолпонай Калбаева шек санай баштаган. Ал үй алып берүүнү убадалаган таанышынан үйдү көрсөтүүнү талап кылган.

«М.А. мага бул ишти Ош шаардык мэриясында иштеген Э.А. бүтүрөт деп айтты. Алар бизди курулуп жаткан үйгө киргизип, 2-3-кабаттагы 2-3 бөлмөлүү батир сиздики деп ишендиришти. Ал үйдү көргөндөн кийин банктан насыя алып, 500 миң сом бердик. Мен М.А.га акча берген сайын бизге дүмүрчөк жана тил кат жазып  берип жатты. Кийин үйдүн акчасын толук төлөгүлө дегенде алма бакты жана үйдөгү жылкыны сатып, 10 миң доллардан ашуун акча бердик», - деди Калбаева.

Алдандык деген Чолпонай Калбаева Оштогу 2 үйдүн ачкычын ала электе Бишкектен үй алып берүү сунушун алган. Бишкектеги көрбөгөн үй үчүн 1 млн 200 миң сом акча которуп бергенин айтууда.

«М.А. Бишкектеги үйдү көрсөтүү үчүн борборго алып барды. Ал жерге барганда мен сүйлөшүп чыгайын деп Ак үйгө кирип кетти. Ошол боюнча чыкпай коюп, 5-6 жолу алдады. Акыры мен Төрөбай Зулпукаровго (Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз-Ата айылында төрөлгөн) арызданам деп айттым. Бирок, М.А. бул ишти чоң кызматтагы адамдар көзөмөлдөп турганын айтып, депутатка арызданба деп көндүрдү. Кийин милицияга арыз жазып, М.А. кармалды. Бирок, сот аны тез эле бошотуп жиберди», - деди Калбаева.

Өзүн жабырлануучумун деп тааныштырган Гүлмира Шамшидова Оштон уулуна батир сатып берүүнү көздөгөн.

«Балам Ноокат районунда иштеп жүрүп, Ошко которулмай болду. Ага үй сатып берүүнү сүйлөштүк. Кийин жакын аяшыбыз М.А. 15 миң долларга 2 бөлмөлүү батир алып бере турганын айтты. Бирок, алгач уулум ага ишенген жок. Биз ишенип, 1 млн сомго жакын акча бердик. Ал бизди алдап койгонун кийин билдим. Үйдө отурсам Бишкектен милиция кызматкери телефон чалып, М.А. алдамчылык боюнча кармалганын айтты. Тергөөгө Э.А. аттуу аял келгенде А.Т. деген киши кошо келди. Ал өзүн Э.А.нын агасы болом деп тааныштырган. Кийин ал Өзгөн районунун акими экенин билдик», - деп белгиледи Шамшидова.

Бирок, бул дооматтарды Өзгөн районунун акими А.Тажибаев четке какты. Ал Э.А. менен тааныш экенин, бирок туугандык байланышы жок экенин билдирди.

Белгилүү болгондой, жабырлануучулар атаган «Ашар коому» курулуш компаниясы расмий каттоодо жок болуп чыкты. Бирок, пайдаланылган мөөр кайсы ишканага таандык экени азырынча белгисиз.

Үй алам деп акчасын алдаткандар көп экенин айткан А.Мусаева менен Э.Абдыкадырова соттор акыйкат чечим чыгарат деп ишенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1550
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×