Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ош

Өзгөндө жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүрүп, өзү качып кеткен 20 жаштагы айдоочу кармалды

Turmush -  Бүгүн, 9-февралга караган түнү Өзгөн районунун аймагында жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу коомчулуктун жардамы менен кармалды. Бул ишке Жалал-Абад облусунда 1997-жылы туулган жигит шектелип жатат, деп билдирди Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, шектүү саат 2:30-5:00 чамасында «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, Ош—Бишкек жолунун 610-чакырымынан жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Айдоочу жабырлануучуга жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен Өзгөн районунун Алтын-Булак айылынын 1980-жылы туулган тургуну Т.Т. көз жумду.

Учурда шектүү камакка алынып, тергөө иштери улатылып жатат.

Жол транспорт кырсыгы болгон жер

окуя2

окуя 5

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 995
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×