Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Ош

Чоң-Алайдагы 22 айылдын ички жолдору кардан толук тазаланды

Turmush -  Чоң-Алай районундагы бардык ички жолдор кардан тазаланып бүттү. Бул тууралуу аталган райондук администрациянын аппарат жетекчиси Файзидин Низамов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, бир жума бою тынымсыз жааган кардан улам ички жолдор жабылып калган. №16 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жалпы жол тазалоочу 10 техниканын жардамында ички жолдор толук тазаланды. Учурда райондогу 22 айылдын ички жолдору ачык.

Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу, Чоң-Алай жана Жекенди айыл аймактарында 4-февралга караган түнү калыңдыгы 70-80 см кар жааган. Кардан улам 16 айылдагы 72 чакырым ички чарбалык жолдор жабылып, Дароот-Коргон—Чак—Жаш-Тилек унаа жолунда кар көчкү түшкөн. ӨКМ 5-февралда райондун 9 айылындагы 39 чакырым ички чарбалык жол кардан тазаланганын билдирген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 986
Көп окулду
×