Бөлүмдөр
Ишемби, 25-февраль

При поддержке MegaCom

Ош—Гүлчө жолунда жол тандабас сүзгөн «Дэу Тиконун» айдоочусу оор жаракат алды

Turmush -  Ош—Гүлчө унаа жолунда кечээ, 11-февралда кечинде эки унаа катышкан жол транспорт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен айдоочунун бири оор жаракат менен ооруканага жеткирилди.

Окуяга күбө болгондор Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, жол тандабас унаа тайгаланып кетип, «Дэу Тико» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кагылышуудан «Тиконун» айдоочусу жабыркады.

Учурда тиешелүү органдардын өкүлдөрү иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 382
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×