h Turmush: Элдик уламыш: Баткендеги Кара-Дөбө айылынын аталышы аймактагы дөбөдөн улам коюлган (фото)

При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 30-март

Элдик уламыш: Баткендеги Кара-Дөбө айылынын аталышы аймактагы дөбөдөн улам коюлган (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын аталышы айылдын ылдый жагындагы дөбөдөн улам коюлган.

Айыл аксакалы Тургунбай Насировдун айтымында, айылдын кире беришинде дөбө болгон. Дөбөдөн бүт айыл көрүнгөндүктөн аталган аймак Кара-Дөбө айылы деп атала баштаган. Ал дөбөдө кышында балдар жылгаяк тээп ойношот.

Кара-Дөбө айылы деңиз деңгээлинен 700-800 метр бийиктикте жайгашкан. Айылдын жалпы аянты 460 гектарды түзөт. Элетте 381 кожолук бар. Айыл эли багбанчылык менен тиричилик кылышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 949
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
01.01.1970, 06:00
×