Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн дагы бир айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Күйөөташ айылында дагы спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү билдирди.

Айыл өкмөттүн курамына Терек, Күйөөташ, Кызыл-Жар жана Коочаты айылдары кирет. Бардык айылдарда аракты жок кылуу демилгеси көтөрүлүп, 2016-жылдын аягында Коочаты айылында ишке аша баштаган.

Күйөөташ айылындагы жашоочулардын айтымында, акыркы мезгилде спирт ичимдиктерин ичкен жаштар көбөйгөн. Анын кесепетинен жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуусу жана башка терс көрүнүштөр болуп келген. Мындан улам жергиликтүү тургундар бир келишимге келип, спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салууну демилгелеп чыгышты.

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Бурканбек Айсаев да бул демилгени колдоого алып, жергиликтүү тургундар, айылдык кеңештин депутаттары, аксакалдар 11-февраль күнү жыйын өткөрүшкөн. Жыйындагы талкуулардын жыйынтыгында элдин суранычы аткарылып, Күйөөташ айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу чечими бир добуштан колдоо тапты. Муну толук ишке ашыруу үчүн аксакалдардан турган комиссия да түзүлдү.

Айыл өкмөт маалымдагандай, мындан ары айылда жашыруун спирт ичимдиктерин саткандар айып пулга жыгылат. Учурда айылдагы спирт ичимдиктери сатылган дүкөндөр жабылды.

Мындай жакшы демилге өлкөнүн башка облустарындагы айылдарда дагы көтөрүлүп, колдоого алынып жатат. Жакында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылындагы дүкөндөрдө сатылып жаткан спирт ичимдиктери жок кылынган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1592
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×