Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ош

Өзгөндөгү Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп кыргыз тилчи мугалим К.Эралиев шайланды

Turmush -  Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Кутманбек Эралиев шайланды. Бул тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Марат Суранов кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыкка 10 талапкер ат салышкан.

«Айыл өкмөт башчысы кызматына Салибай Муратбаев, Руслан Абдыкалыков, Арстанбек Абдувалиев, А.Мойдунов, Марат Туранов, Тимур Ташболотов, Бактияр Ашимов, Кутманбек Эралиев, Абдыманап Жунусалиев, Нурланбек Чоноев талапкерлигин койду. Шайлоо 2 тур менен өтүп, 2-турга Кутманбек Эралиев менен Руслан Абдыкалыков чыкты.

Экинчи турда айылдык кеңештеги 12 депутат Эралиевге, 9 депутат Абдыкалыковго добуш берди», - деди М.Суранов.

Кутманбек Эралиев кесиби боюнча кыргыз тилчи мугалим. 7 жылдан бери аталган айыл өкмөттө жооптуу катчы болуп эмгектенип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1724
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×