
Turmush - Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери менен жол тейлөөчүлөр кар көчкүнүн алдында калган 8 адамды куткарып калышты.
ӨКМ маалымдагандай, кечээ, 13-февралда саат 15:50 чамасында Дароот-Коргон—Чак—Жаш-Тилек унаа жолунун 0,3-чакырымындагы Балтырганды тилкесинде 3 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Жолдон өтүп бара жаткан «Дэу Матиз» жана «Нива» унааларын кар көчкү басып калган. Эки унаада жалпы 8 адам бара жаткан.
Көчкү түшкөн аймакка биринчилерден болуп жеткен РИИБдин кызматкерлери менен №16 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери техникалардын жардамында адамдарды куткарып калышты. Катуу жаракат алгандар жок.
Көчкүнүн алдынан 2 унаа чыгарылып, саат 17:30да унаа жол бир тараптуу ачылды. Учурда жолду тазалоо иштери улантылып жатат.