Бөлүмдөр
Ишемби, 25-февраль

При поддержке MegaCom

Кара-Суу аймактык ооруканасынын имараттары оңдолуп, материалдык-техникалык базасы чыңдалды

Turmush -  Кара-Суу райондук ооруканасы 2002-жылы 3-апрелден тартып аймактык оорукана болуп түзүлгөн. Аймактык оорукананын филиалы Мады айыл өкмөтүндөгү Курманжан датка айылында жайгашкан. Ошондой эле, аймактык оорукананын Кызыл-Суу, Шарк жана Кызыл-Кыштак айылдарында төрөт бөлүмдөрү, Савай айыл өкмөтүндө соматикалык бөлүмү иштейт. 2015-жылдан бери Кара-Суу аймактык ооруканасынын жетекчиси болуп Гүлкайыр Муратова эмгектенип жатат.

Кара-Суу аймактык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча жасалган иштер

Ээлеген аймагы жана калкынын саны боюнча республикада эң чоң район болуп эсептелген Кара-Суу районунда калктын ден соолугун сактоо багытында бир топ жумуштар аткарылып жатат. Аймактык оорукананын төрөт бөлүмдөрүндөгү эшик-терезелерди жана полун кафель менен оңдоо үчүн тендер өтүп, 795 миң сомго толугу менен алмаштырылды.

Төрөт бөлүмдөрдүн имарттарынын маңдайын темир сайдинг менен оңдоо үчүн тендер өткөрүлүп, 1 млн 183 миң 450 сом жумшалды.

Аймактык оорукананын хирургия, травматология жана кайра жандандыруу бөлүмдөрүнүн 3 кабаттуу имаратына желим терезелерди орнотуу үчүн 1 млн 506 миң 579 сом сарпталды. Ошондой эле, 2 млн 577 миң сомго имараттын маңдайы темир сайдинг менен жаңыланып, травматология бөлүмдөрүнүн санитардык гигиеналык бөлмөлөрү оңдолду. Ошондой эле, операция жасалуучу бөлүмдү заманбап оңдоп-түзөө иштерине «Кызыл жарым ай» эл аралык уюму 6 млн сомго демөөрчүлүк кылган. Ошондой эле, операциялык столдор коюлуп, хирургиялык шаймандар, жылуу жууркан-төшөктөр, идиш-аяктар жана тазалык каражаттары менен камсыздалды.

Аймактык оорукананын бухгалтериясы жайгашкан имаратты кайрадан реконструкциялоо иштери үчүн тендер өтүп, 1 млн 277 миң сомго бүткөрүлдү.

Учурда аймактык оорукананын хирургия жана травматология бөлүмдөрүнүн полун кафель менен оңдоп, эшиктерин желим эшиктерге алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Бул үчүн 1 млн 370 миң сомго тендер өткөрүлгөн.

Элдин заманбап технологиялык жабдууларга муктаждыгын эске алган президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсөсү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана райондук администрациянын жардамы менен аймактык ооруканага компьютердик томография орнотулду. Бул үчүн Түркия мамлекетинин «Систем» медициналык диагностикалык борборунун башкы директору Джан Гузей менен Кара-Суу аймактык ооруканасынын директору Гүлкайыр Муратова 1 млн долларлык келишимге кол коюшкан. Компьютердик томография ушул жылдан тарта элге кызмат көрсөтүп баштады.

Ошондой эле, аймактык оорукананын башкы имаратынын 2-3-кабаттарынын ичин жасалгалап, оң тараптагы тепкичтерин оңдоо үчүн 2016-жылдын апрель айында тендер өткөн. Тендерден 1571,3 миң сомдук сметалык баа менен «Имарат» ЖЧКсы жеңип чыгып, белгиленген убакытта оңдоо иштери аяктады.

2016-жылдын июнь айында 1182,6 миң сомго тендер өтүп, аймактык оорукананын башкы имаратынын 1-кабатынын ичи оңдолгон. Ошондой эле, сол тараптагы тепкичтерин оңдоо үчүн өткөн тендерди 601,9 миң сом менен «Тынч жыл» утуп алган. Башкы имараттын 1-кабатындагы жылытуу системаларын жууп-тазалап, түтүктөрдү алмаштыруу боюнча 197,0 миң сомдук тендерди «Имарат» ЖЧКсы, башкы имараттын 1-кабатынын жер төлөсүнүн ички оңдоо иштери үчүн 383,6 миң сомдук тендерди «Марат Абыл» ЖЧКсы утуп чыккан. Учурда оңдоп-түздөө иштери аяктоо алдында турат.

Ошондой эле, 3053,8 миң сомдук тендерди утуп чыккан «Казбек» ЖЧКсы неврология бөлүмүнө караштуу жандандыруу бөлүмүнүн ичин оңдоп, гараждын, кир жуучу жайдын чатырын алмаштырган. Кароолкананын имаратын оңдоо үчүн 2288,3 миң сом жана оорукананын эски ашканасынын имаратын оңдоого 765,5 миң сом бөлүнгөн. Учурда оңдоо иштери аяктап калды.

2016-жылдын октябрь айында аймактык ооруканадагы терапия бөлүмүнүн имаратынын ички, тышкы оңдоо иштерине тендер өткөн. Андан «Тынч Жыл» ЖЧКсы жеңип чыгып, 1883,6 миң сомдук жумуш аяктоо алдында турат.

Ошондой эле, Кара-Суу аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн имараты демөөрчүлөрдүн жардамы менен 3 млн 700 миң сомго курулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2021
Комментарии
Обсуждения закрыты
Эң кызыктуу
×