Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңешинде кворум болбой, айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Алайдагы өкүлү Мамыт Молдобаев билдирди.

Анын айтымында, шайлоого 11 депутаттын ичинен 7 гана эл өкүлү келген. Айыл өкмөт башчылыгына Талант Осмонов талапкерлигин койгон. Кворум болбой калгандыктан БШК 15 күн аралыгында шайлоо күнүн белгилейт. 

Буга чейинки шайлоодо эки талапкер бирдей добушка ээ болуп, айыл өкмөт башчысы шайланбай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 758
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×