Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ош

Кара-Суудагы айылдык кеңештин дайынсыз жоголгон 11 депутатын Тажикстандагы санаторийден табышты (толугу менен)

Turmush -  Ош ШИИБ Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылдык кеңешинин 11 депутатынын жоголушу боюнча маалыматты тактады. Бул тууралуу түзүмдөн кабарлашты. 

Маалыматка караганда, депутаттардын жоголушу тууралуу маалымат пайда болору менен түзүмдүн кызматкерлери иликтөө жүргүзгөн. Бирок алардын туугандарынан расмий арыздар түшкөн эмес. Туугандары жоголду делген депутаттар Тажикстандагы «Бахористон» санаторийине эс алууга кетишкендигин айтышкан. 

«Депутаттар жоголуптур деген маалыматтан кийин иликтеп көрдүк. Жок болуп жаткан депутаттардын туугандары аларды Тажикстандагы эс алуу жайына кеткен деп жатышат. Шайлоого келет деп айтышты», - деди Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо эртең 16-февралга белгиленген. Айыл өкмөт башчыны шайлоо 31 депутаттан турган айылдык кеңешке берилген. Айрым жашоочулар депутаттардын жоголушун шайлоо менен байланыштырып жатат.

Ал эми, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов бул окуя боюнча кабары жок экенин айтты.

«Мен бул боюнча кабарым жок. 16-февралда шайлоо болот. Депутаттардын эс алып жатканын да, жоголгонун да билбейм. Эл арасында ар кандай сөздөр айтыла берет», - деди аким.

«Эр айым» коомдук бирикмесинин чыр-чатактарды жоюу долбоорунун жетекчиси Нарынгүл Дүйшөналиева депутаттардын мындай мамилесине нааразы.

«16-февралга шайлоо белгиленгенден кийин айылдык кеңештеги 11 депутат дайынсыз жоголуп кетишти. Үй-бүлөлөрү алар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда. Ал депутаттардын максаты эмнеде? Мында саясий оюн бар. Жоголгон депутаттардын алтоо Тажикстанда жүргөнү тууралуу маалымат такталды. Маалыматтар боюнча, аларды «Бахористон» санаторийине эс алуу үчүн жөнөтүшкөн окшойт.

Ошондой эле, бизге депутаттардын тобу санаторийде жүргөнү жөнүндө маалыматты укук коргоо органдары тактаганы тууралуу маалымат берилди. УКМКнын кызматкерлери дагы текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Депутаттардын барын таап, шайлоого алып келүү керек», - деди Н.Дүйшөналиева.

Буга чейин маалымдалгандай, Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи жолу 31-январда өтүп, 2 талапкер — Арстанбек Жолдошев жана Урайым Калматов катышкан. А.Жолдошев буга чейин аталган айыл өкмөттү жетектеп келсе, У.Калматов — жеке ишкер. Шайлоонун жыйынтыгы менен 31 депутаттын ичинен 13 эл өкүлү А.Жолдошевдин талапкерлигин колдоп, 2 депутат У.Калматовго добуш берген. Ал эми, 14 депутат эки талапкерге тең каршы чыккан. Андан улам БШКнын өкүлү талапкерлер жеңишке жетпегенин айтып, алар кийинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылганын жарыялаган. Андан кийин айыл өкмөт башчылыкка 6 талапкер катталганы маалымдалган.

Учурда Шарк айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу Арстанбек Жолдошев аткарып жатат.

А.Жолдошев
АЖ

Шарк айылдык кеңешине шайланган 31 депутат:

1. Кадиров Адылжан

2. Кадиров Аллаберди

3. Юсупов Абдисалам*

4. Түркмөнов Бакир

5. Түркмөнов Жалалдин

6. Беделов Илхам

8. Мамжанов Зафар

9. Мамажанов Абдумажит

10. Жураев Шерзод

11. Садиков Икрам

12. Абзалов Сайдулло

13. Абдурахимов Жалалдин

14. Искендеров Полот

15. Сайидахмедов Махмуд

16. Курбанов Казимжон

17. Аман уулу Алмаз

18. Тагаев Заир

19. Кубанычбеков Азизбек

20. Рыскелдиев Нийеткабыл

21. Кошунбаев Алтынбек

22. Тажибай уулу Нурбек*

23. Вахидов Махаматжан*

24. Аманов Момун*

25. Салиев Арслан*

26. Юлдашев Расул*

27. Алимов Мухамадазиз*

28. Мусаев Хушанбай*

29. Карабаев Исраил*

30. Якубов Дилмурад*

31. Халбердиев Дилшод*.

* - шайлоо алдында жоголуп кетти делген депутаттар.  Дагы 1 депутаттын аты-жөнү такталып жатат

Тажикстандагы «Бахористон» санаторийи 2011-жылы Кайрак-Кум суу сактагычынын жээгинде ачылган. Жалпы 20 гектар аянтты ээлейт. Санаторийдин аймагында эс алып, дарылангандар жашай турган 4 имарат бар. Жыл бою иштеген эс алуучу жай 665 орунга ылайыкталган, 10 коттеджи жана 98 орундуу эконом класстагы жайкы үйлөр бар.

Б

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1778
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×