При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 31-март

Ноокаттын жаңы акими Д.Маматалиевдин эмгек жолу

Turmush -  Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп Давран Маматалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Райондук мамлекеттик администрациясы маалымдагандай, кечээ, 14-февралда жаңы аким алгачкы жыйынын уюштурду.

Экс-аким Бекболот Айтиев мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан бошотулган.

Д.Маматалиев 1977-жылы төрөлгөн.

Билими:

- 1994-1999-жылдары Ош технологиялык университетинин каржы-экономика факультети, бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги;

Эмгек жолу:

- 2000-жылдын 15-январынан тартып 2002-жылдын 2-февралына чейин «Намуна Ойл» ЖЧК бухгалтери;

- 2002-жылдын 15-августунан тартып 2007-жылдын 5-июлуна чейин «Рос-Бак» ЖЧК марткетинг боюнча адис;

- 2004-жылдын 7-июлунан тартып 2006-жылдын 25-мартына чейин «АКБ Кыргызстан» өндүрүш филиалында эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүнүн адиси, бухгалтер, насыя боюнча адис;

- 2006-жылдын 25-мартынан тартып 2007-жылдын 1-майына чейин Экономика жана финансы министрлигинин фискалдык реформалардын стратегиясы башкармалыгынын фискалдык реформаны баалоо бөлүмүнүн 1-даражадагы адиси;

- 2007-жылдын 1-майынан тартып 2007-жылдын сентябрына чейин Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана аларга мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын отчеттуулукту жана жергиликтүү бюджеттерди аткарууну талдоо бөлүмүнүн аткаруучу адиси;

- 2007-жылдын 20-сентябрынан тартып 2009-жылдын 12-январына чейин Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармалыгынын мамлекеттик бюджеттин кирешелерин талдоо жана аларды болжолдоо бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2009-жылдын 12-январынан тартып 2012-жылдын 30-мартына чейин Финансы министрлигинин долбоорлорду колдоону өнүктүрүү башкармалыгынын долбоорлорду түрткү берүүчү гранттар менен каржылоо бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2012-жылдын 30-мартынан тартып 2012-жылдын 30-декабрына чейин Финансы министрлигинин капиталдык салымдар жана дем берүүчү гранттар башкармалыгынын капиталдык салымдар бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу;

- 2012-жылдын 30-декабрынан тартып 2013-жылдын 15-апрелине чейин Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды каржылоо бөлүмүнүн жетекчиси;

- 2013-жылдын 15-апрелинен 2014-жылдын 22-июнуна чейин Финансы министрлигинин финансылык көзөмөлдөө жана финансы органдары менен иштөө, аймактык башкаруу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

- 2014-жылдын 22-июнунан тартып 2017-жылдын 16-январына чейин Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландоо бөлүмүнүн башчысы;

- 2017-жылдын 16-январынан тартып ушул күнгө чейин Финансы министрлигинин ички аудит бөлүмүнүн башчысы.

Кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөйт, үй-бүлөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 512
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×