Turmush - Бүгүн, 15-февралда Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндө Ооган согушунда курман болгондорду эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдукерим Полотов кабарлады.
Шарк айыл өкмөтүндө Ооган согушунун 67 ардагери бар. Алардын демилгеси менен уюштурулган эскерүү кечесине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана каза болгон жоокерлердин жакындары катышты.
Кыргызстандан Ооган согушуна 7 миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн. Алардын 252си курман болуп, 1,5 миңдей жоокер жаракат алышкан. 600гө жакыны майып болуп кайткан.