При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-март

Айыл турмушу: Кара-суулук А.Сатыбаева койдун ичегисинен жети түрдүү жаныбар жасайт (фото)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Кенжегул айылынын 57 жаштагы тургуну Апакан Сатыбаева койдун ич этинен жети түрдүү даам жасайт. Ал койдун өпкөсүнөн ак куунун, жети баштуу жыландын, өрдөктүн, таш баканын жана кирпинин кейпинде жасаган даамды көпчүлүк тамшануу менен жейт. Анын бул эмгегине кызыккандар той-мааракелерде буйрутма беришет. Айылдаштарына да ашпозчулук өнөрү менен жакшы таанылган.

Апакан айым ичегиден тышкары койдун өпкөсүнөн ак кууларды жасап, 1000 сомго чейин сатат.

«Түрдүү тамактарды жасаганга жаш кезимден эле кызыкчумун. Жеңелеримден алгач өпкө куйганды, андан ак куу жасаганды үйрөнгөм. Андан кийин өрдөк, кирпи, таш бакаларды өзүмдүн идеям менен жасап баштадым. Ичегиге эт, күрүч салып, даамдуу жасоого аракет кылам. Айылдагы той ээлери кызыгып, буюрутма бергендер көбөйө баштады. Тойлордун мезгилинде бир күндө эки буюрутманы жасаган күндөр болот», - деди ашпозчу айым.

Андан бул өнөрүн үйрөнүүнү каалаган жаштар көп. Ошондой эле, А.Сатыбаева кыздардын себине берилүүчү төшөктөрдү жасап, курактардын түрүн курайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 516
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×