При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Ала-Букада ооганчы ардагерлерге сый көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Кечээ, 15-февралда Ала-Бука районунда Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 28 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарада Ооган согушуна Ала-Бука районунан жалпы 63 жоокер катышып, бүгүнкү күндө алардан ичинен 53 жоокер аман экендиги белгилүү болду. Майрамдык иш-чара согушта курман болгон жоокерлерди эскерүү мүнөтү менен башталды. Андан соң майрам ээлерин райондун акими С.Акпаралиев куттуктады.

Ооган согушунун ардагерлерине окуучулар тарабынан концерттик программа уюштурулуп, мекенчилдикке үндөгөн ыр-бийлер аткарылды. Майрамдык иш-чаранын салтанаттуу бөлүмүнөн соң райондун жетекчилери менен ардагерлер эстелик үчүн сүрөткө түшүштү. Иш-чаранын аягында ардагерлерге майрамдык сый тамак берилип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 665
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×