Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ош

Ноокатта зордуктоо аракети жасалган 11 жаштагы кыздын үй-бүлөсү айылдан чыгып кетүүгө мажбур болду

Turmush -  Ноокат районунун 30 жаштагы тургуну 11 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасады деп күнөөлөнүп жатат. Ал эми, жабыркаган кыздын үй-бүлөсү айылдан чыгып кетүүгө мажбур болгонун апасы Насиба Нарматова билдирди.

Анын айтымында, анын үй-бүлөсүнө зордуктоого аракет кылган делген шектүүнүн жакындары кысым көрсөтүп жатат.

«Биз азыр убактылуу Бишкек шаарында баш калкалап жатабыз. Айылдан чыгып кетүүгө мажбур болдук. Себеби кызымды зордуктоого аракет кылган жарандын үй-бүлөсү кодулап, кысым көрсөттү. 2 кызыма психологдор жардам көрсөтүүдө. Зордуктоо аракети боюнча козголгон ишти дагы Чүй облусуна же Бишкек шаарына которуп берүүнү суранып жатабыз», - деди Нурматова.

2 кызын алып айылдан чыгып кеткен эне учурда кризистик борбордо, эки кызы балдарды коргоо уюмунун көзөмөлүндө болууда. 7-8 жаштагы эки уулу айылдагы чоң энесинин колунда калышкан.

Насиба Нарматова бул окуядан кийин жолдошу менен эки ача жолго түшкөнүн, жолдошу үй-бүлөсүн таштап Россияга кеткенин кошумчалады. 

Зордуктоого аракет кылуу фактысы 2016-жылы 12-июнда катталган. Кийин райондук прокуратура кылмыш ишин козгоп, шектүү камакка алынган. Ноокат райондук соту бул ишти кароодон баш тартып, Ош облустук сотуна өткөрүп берген. Иш облустук сотто карала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1282
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×