Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Ошто кулап калуу коркунучундагы көп кабаттуу үйлөр студенттерге ижарага берилген, - ӨКМ

Turmush -  Ош шаарындагы көп кабаттуу 2 үйдүн имараты кулап калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов жарандык коргонуу тармагында аткарылган иш-чаралар боюнча өтүп жаткан жыйында билдирди.

Анын айтымында, шаардын Курманжан датка көчөсүндөгү №264 даректе жайгашкан көп кабаттуу үй менен Ленин көчөсүндөгү №351 көп кабаттуу үйдөн жарака кеткен. ӨКМ тарабынан бул үйлөр жашоого жараксыз деген корутунду чыгарылган.

Бирок, текшерүү учурунда көп кабаттуу үйлөрдүн ээлери жок болуп чыгып, студенттерге ижарага берилгени маалым болду. Министрликтин өкүлдөрү белгилегендей, аталган үйлөр 4-5 баллдык жер титирөөгө чыдабайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1028
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:29,   20.11.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×