При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Ош облусунда «Көңүл бургула балдар» рейди улантылып жатат (фото)

Turmush -  Ош облусунун аймагында «Көңүл бургула балдар» рейди өтүп жатат.

ОИИБдин патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынын ага тескөөчүсү Айбек Бечеловдун айтымында, 10-февралда башталган рейд 20-февралга чейин уланат.

«Рейддин алкагында бүгүн, 16-февралда Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Медресе айылындагы К.Момбеков атындагы орто мектепте патрулчулар, ата-энелер, окуучулар катышкан жыйын өттү. Анда окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүлүп, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, жуманын бейшемби күндөрү Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери облустун аймагындагы мектептерде окуучулардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат», - деди Айбек Бечелов.

Маалыматта айтылгандай, жыл башынан бери Ош облусунун аймагында 68 жол транспорт кырсыгы катталды. Анын ичинен 16 авария өспүрүмдөрдүн катышуусу менен болуп, 18 өспүрүм денесинен ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 447
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×