При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 22-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Кара-Суудагы 11 депутаттын «жоголушу»: Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо соодалашууга айланды, - депутаттар (видео)

Turmush -  Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо соодалашуу болуп жатат. Мындай маалыматты Шарк айылдык кеңешинин депутаттары бүгүн, 16-февралда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында айтышты.

IMG-20170216-WA0180

Маалымат жыйынга катышкан айылдык кеңештин депутаты Алмазбек Аман уулу мурдагы айыл өкмөт башчыны депутаттарды таратууга аракет кылып жатат деп айыптады.

«31-январдагы шайлоого 31 депутат толук катышкан. Бирок, талапкерлер жетиштүү добуш алган эмес. Ал эми, 16-февралдагы шайлоого чейин айрым депутаттар жоголуп кетти. Алар келбегенден улам кворум болбой, айыл өкмөт башчысы шайланбай калды. Эл ишеним көрсөткөн депутаттар шайлоону кечеңдетип, бюджет бекитилбей турат», - деди ал.

Шарк айыл өкмөтүнөн жоголду делген 11 депутат Тажикстанда экени айтылган. Кесиптештерин издеп барган 3 депутаттын бири Икрам Садиков 6 эл өкүлүн Тажикстандын «Бахоритан» эс алуу жайынан таап, жолугуп келгенин айтты.

«Биз кесиптештерибиз жоголуп кеткенден кийин аларды издеп Тажикстанга бардык. 6 депутат «Бахористон» деген эс алуу жайында экен. Төраганы көрүп калып аны сөзгө чакырдым. Төрагага мыйзам бузуп жатканын айтсам, "мыйзамды мага үйрөтпө, биз өзүбүз билебиз" деп айтты. Алар айнектери караңгылатылган жол тандабас унаалар менен жүрүптүр. Мындан сырткары 2 жансакчысы бар экен», - деди И.Садиков.

IMG-20170216-WA0186

Айылдык кеңештин депутаты Икрам Мамажановдун айтымында, ага айыл өкмөт башчысынан бир нече жолу ири суммада акча жана жер тилке сунушталган. Бирок, ал макул болбогонун, башка кесиптештери акчага алданып калганын белгиледи.

«Депутаттардын жоголушу саясий оюн. Бул мурунку айыл өкмөт башчынын иши. Ал депутаттарга акча сунуштаган. Мага 3 ирет 3 миң доллар жана 4 жерден жер тилке алуу сунушу келди. Бирок, мен ага макул болгон жокмун. Себеби мени эл ишенип шайлаган. Башка кесиптештер акчага алданып, ошол жакка кетип калды окшойт», - деди И.Мамажанов. 

IMG-20170216-WA0188

Учурда Шарк айыл өкмөтүн убактылуу башкарып жаткан Арстан Жолдошов бул маалыматтарды четке кагып, дайынсыз болуп жаткан депутаттардын кайда жүргөнүн билбестигин айтты.

«Азыр мага карата дооматтар болуп жатат. Мен 11 депутатты кантип башкарам. Мыйзамда менин укугум жок. Ар ким бара турган жерин өзү билет. Эл өкүлү болгондон кийин ар кандай жаман сөздөргө чыдаш керек. Депутаттар айыптаса өздөрү жооп берет. Жок болуп жаткан депутаттар уурулук кылган жок, мыйзам бузган жок. Эс алуу ар кимдин өз эрки», - деди А.Жолдошов.

Арстан Жолдошов Шарк айыл өкмөтүн 7 жылдан бери башкарып келген.

А.Жолдошов

АЖ

Окуя тууралуу:

Бүгүн, 16-февралда Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворум жоктугунан өтпөй калды. Шайлоого 31 депутаттан 17 депутат гана келген. Кворум үчүн шайлоого 21 депутат катышуусу керек. Ал эми, буга чейин кайда кеткени белгисиз болуп жаткан 11 депутат шайлоого катышкан жок. Бул жолку шайлоого 7 талапкер катталган.

Буга чейин маалымдалгандай, Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи жолу 31-январда өтүп, 2 талапкер — Арстанбек Жолдошев жана Урайым Калматов катышкан. А.Жолдошев буга чейин аталган айыл өкмөттү жетектеп келсе, У.Калматов — жеке ишкер. Шайлоонун жыйынтыгы менен 31 депутаттын ичинен 13 эл өкүлү А.Жолдошевдин талапкерлигин колдоп, 2 депутат У.Калматовго добуш берген. Ал эми, 14 депутат эки талапкерге тең каршы чыккан. Андан улам БШКнын өкүлү талапкерлер жеңишке жетпегенин айтып, алар кийинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылганын жарыялаган.

Шарк айылдык кеңешине шайланган 31 депутат:

1. Кадиров Адылжан

2. Кадиров Аллаберди

3. Юсупов Абдисалам*

4. Түркмөнов Бакир

5. Түркмөнов Жалалдин

6. Беделов Илхам

8. Мамжанов Зафар

9. Мамажанов Абдумажит

10. Жураев Шерзод

11. Садиков Икрам

12. Абзалов Сайдулло

13. Абдурахимов Жалалдин

14. Искендеров Полот

15. Сайидахмедов Махмуд

16. Курбанов Казимжон

17. Аман уулу Алмаз

18. Тагаев Заир

19. Кубанычбеков Азизбек

20. Рыскелдиев Нийеткабыл

21. Кошунбаев Алтынбек

22. Тажибай уулу Нурбек*

23. Вахидов Махаматжан*

24. Аманов Момун*

25. Салиев Арслан*

26. Юлдашев Расул*

27. Алимов Мухамадазиз*

28. Мусаев Хушанбай*

29. Карабаев Исраил*

30. Якубов Дилмурад*

31. Халбердиев Дилшод*.

* - шайлоо алдында жоголуп кетти делген депутаттар. Дагы 1 депутаттын аты-жөнү такталып жатат

Тажикстандагы «Бахористон» санаторийи 2011-жылы Кайрак-Кум суу сактагычынын жээгинде ачылган. Жалпы 20 гектар аянтты ээлейт. Санаторийдин аймагында эс алып, дарылангандар жашай турган 4 имарат бар. Жыл бою иштеген эс алуучу жай 665 орунга ылайыкталган, 10 коттеджи жана 98 орундуу эконом класстагы жайкы үйлөр бар.
1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1490
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×