Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ош

Алайда кар көчкү түшүп, Ош—Сары-Таш—Иркештам унаа жолу жабылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 16-февралда Ош облусунун Алай районундагы Ош—Сары-Таш—Иркештам унаа жолунун 178-чакырымында болжол менен 6 миң метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолду жаап калды. Бул тууралуу ӨКМдин базма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кар көчкү саат 13:30 чамасында түшкөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Унаа жолду тазалоого №960 жол тейлөө ишканасынан 2 техника тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1021
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×