Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ош

Фото - Оштогу авариялык абалдагы көп кабаттуу үйдө пенсионерлер жана ижарачы студенттер жашайт

Turmush -  Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү №264 жана Ленин көчөсүндөгү №351 даректе жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары өмүрүн тобокелге салып жашап жатышат. Бул тууралуу №264 көп кабаттуу үйдүн башчысы Маматжума Айдаров билдирди.

Анын айтымында, өтө кооптуу абалга келип калган үйдөгү ар бир батирдин ээсине 2009-жылы мамлекет тарабынан 10 миң сомдон компенсация төлөнгөн. Бирок, үйлөрдүн көпчүлүгү студенттерге ижарага берилип, 1-кабаттагылар ишкана ачууга үлгүрүшкөн. Кошуналардын бир чечимге келе албаганынан улам үй куруп берүүгө келген инвесторлор да баш тартууда.

№264 көп кабаттуу үйдө жалпы 42 батир бар, кошуналардын айрымдары көчүп кетүүгө макул болбой жатат.

«Биздин үй урап калуу коркунучунда турат. Жалпы 4 подъезд бар. Анын эки подъездинде жашагандар көчүүгө макул болсо, жарымы макул эмес. ӨКМ тарабынан 3 жылдан бери эскертүүлөр келип жатат. Бирок, эч кандай натыйжа болгон жок. 2009-жылы 390 миң сом компенсация катары берилип, анын 50 миң сомуна канализациянын түтүктөрү алмаштырылган. Ал эми 340 миң сомун 34 адам 10 миң сомдон бөлүп алышкан. 1-кабаты толугу менен ишкана болуп, алар келген инвесторлорго тоскоолдук жаратууда. Инвесторлор үйдүн чарчы метри канча болсо жаңы имарат ошончо аянтты ээлей турганын, андан ашканына кошумча акча төлөнө турганын билдирип жатышат. Бирок, 1-кабатты ишкана кылып алган үй ээлери соода борборун ачып берүү талабы менен макулдугун бербей жатышат. Эки тарап бир келишимге келбей, кооптуу жерде жашап жатабыз», - деди М.Айдаров.

Мындан бир топ жыл мурун балдарды дарылоого эмкана курам деген курулай убада менен бул үйдүн аймагына караган жерге имарат салынган. Учурда ал жер интернет клуб болуп, жашоочуларга түнү менен уйку бербейт.

«Биздин балдарды дарылоочу эмкана ачам деп мурун Ош шаардык мэриясында иштеген кошунабыз кошумча имарат курган. Биз макул болуп, кол коюп бергенбиз. Бирок, имарат курулуп бүткөндөн кийин жарымы ашкана, жарымы интернет-клуб болуп калды. Интернет-клубга түнү менен 30-40 бала келип уктатпайт. Унаалар толуп кетет. Ал эми архитектура кызматынан эмканага деп уруксат алынып, кызыл китеп да берилген», - деп кошумчалады М.Айдаров.

Ал эми Ош шаардык архитектура башкармалыгынан бул курулуш мыйзамсыз экенин, бул иш учурда Мамэкотехинспекциясына өткөрүлгөнүн маалымдашты.

Аталган үйдүн жашоочуларынын бири Тоту Эргешованын айтымында, жашоочулардын көпчүлүгү пенсионерлер жана студенттер.

Коптуу делген үйлөрдүн бири Ленин көчөсүндөгү №351 көп кабаттуу үй. Мурун облустук билим берүү мекемеси болуп келген шарты жок бул имаратта учурда 34 үй-бүлө баш калкалайт, деди үйдүн башчысы Алымкан Сатыбалдыева.

«Бул үйлөрдүн бары ижарага берилип, 1-кабаты дүкөнгө айланган. Бул маселе менен Ош шаардык мэриясына кайрылганбыз. Алар компенсация катары 10 миң сомдон беришкен. Эми минтип компенсация алса дагы үйүнөн чыккылары келбей жатышат. Эгер биз убактылуу жашаганга башка үй берилсе бошотуп бермекпиз. Бирок, кошуналардын бири макул болсо, экинчиси макул эмес», - деди А.Сатыбалдыева.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров 1 бөлмөлүү үйдүн ээлери үйүн 50 миң долларга чейин баалап алышканын кошумчалады. Мындай кымбат бааны имарат шаардын борборунда жайгашканы менен байланыштырышат.

«Биз атайын комиссия түзүп, ал үйлөрдүн абалы менен жеринен таанышып келгенбиз. Кооптуу үйдө студенттер жашап жатат. Орто жолдо ижарачылар жабаркап калышы ыктымал. Биз буга чейин бир топ инвесторлор менен сүйлөштүргөнбүз. Бирок, бул көйгөй чечилбей келе жатат. Инвесторлор пайда табуу үчүн келишет. Инвесторлор үй курууга даяр, бирок дүкөндөрдү ачып берүүгө макул эмес.

Курманжан датка көчөсүнүн №264 дарегиндеги көп кабаттуу үй Сулайман-Тоонун маңдайында болгондуктан, 4 кабаттан ашык имарат курууга мүмкүн эмес. Үйдүн ээлери макул болбосо, биз аларды кууп чыгара албайбыз. Коңшулар бир чечимге келишсе бул маселе чечилет», - деди З.Аскаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1443
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×