Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Өзгөндүн 70 жаштагы тургунун ит тиштеп алып, 2 айдан бери төшөктө жатат

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы эки жашоочуну тиштеп алган ит жок кылынды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн ветеринардык инспектору Самидин Раимбеков билдирди.

Белгилүү болгондой, Мырза-Аке айылындагы Жээнбеков көчөсүндөгү короодо багылган ит жолдон өтүп бара жаткан адамдарды тиштеп алган. Ит тиштеген учурда жыгылып жаракат алган 70 жаштагы Шазада Матанова 2 айдан бери төшөктө жатканы белгилүү болду. Ал эми, адамдарга кол салган ит кечээ, 16-февралда айыл өкмөттүн ветинспекторлору тарабынан аттырылды.

«Жабыркаган жергиликтүү тургундар тарабынан арыз келген. Буга чейин бюджеттен каражат бөлүнбөй жатканынан улам иттер атылган эмес. Адамдарды тиштеген итке 10 күн көзөмөл жүргүзүп, кутурма эмес экенин аныктаганбыз. Эки жабырлануучуга тең иттин тиши кирген эмес», - деди С.Раимбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 576
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×