При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Отставкадагы полковник Ш.Зулимов Ош шаарынын вице-мэри болду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 17-февралда Ош шаарына жаңы вице-мэр келди. Эми шаардын курулуш жана муниципалдык менчик тармагын Зулимов Шакир Мулашевич жетектейт. Тиешелүү буйрукка шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койду.

Ш.Зулимов буга чейин Ош шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп келген. Шаардык кеңешке чейин Ош шаардык мэриянын коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгын жетектеген. Андан мурда Ош ШИИБдин башчысынын орун басары болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга узатылган.

Ш.Зулимов 2010-жылдагы июнь окуясында оор жаракат алып, 2015-жылы мамлекет тарабынан 3 бөлмөлүү батир берилген. Ал 2 баланын, 3 неберенин атасы.

«Сакал» («Борода») каймана аты менен таанылган Шакир Зулимов 2016-жылы 56 жашында милиция кызматынан ардактуу эс алууга узатылган. Ал өзү милиция болуп иштеп калганын мындайча түшүндүрдү.

«Мектепте мугалим болуп иштеп жүргөндө жаштар менен иштеп, аларга жакшы тарбия бергим келчү. Кийинчерээк 12 жаштагы баланы мыкаачылык менен өлтүргөн факты катталды. Ошондон кийин милицияга ишке кирип иштеп, ошол кылмыштын бетин ачкам. Ошондон бери милиция кызматында иштеп калгам», - деди Ш.Зулимов.

Зулимов Тажикстанга качып кеткен кылмышкерлерди кармап, көп убакыттан кийин кайтып келгенде Ички ичтер министрлигинин сунушу менен сакал коюуга уруксат берилген. Ошондон кийин «Борода» каймана атка конгон. Полковник чинине ээ болуу менен 2010-жылы июнь окуясында октон жараат алганы үчүн эрдик медалы менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1183
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×