При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Нариман айыл өкмөтүндө акчалууларга гана жер берилип, 5 баламдын үй-бүлөсү менен бир үйдө жашап жатам, - С.Кочкорова

Turmush -  Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүнүн айрым тургундары акчалууларга гана жер тилке берилип жатканына нааразы. Аз камсыз болгон жашоочулар көп убакыттан бери жер ала албай убара. Бул тууралуу айылдын жашоочулары бүгүн, 17-февралда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Нариман айылынын Жаштар көчөсүндө жашаган Саламаткан Кочкорова 4 уулуна үй куруу үчүн 2004-жылдан бери жер сурап келет. Бул маселе менен президентке чейин кайрылып, бирок жыйынтык чыкпаганын белгиледи.

IMG-20170217-WA0107

«Менин 3 балам, 1 кызым бар. Балдарым үйлөнүп, алды 5 балалуу болуп калды. Балдарым үйлөнгөндөн кийин эле жер алууга аракет кылганбыз. Бирок, 2004-жылдан берки аракеттен жыйынтык чыккан жок. Айыл өкмөткө, жер адисине бир нече жолу кайрылдык. Учурда бир үйдө 3 балам үй-бүлөсү менен, жолдошу менен ажырашкан кызым 2 баласы менен жашап жатат. Жолдошум да майып», - деди ал.

Анын үй-бүлөсү жер тилке акчалууларга сатылып жатат, деген пикирде.

«Күйөөм 15 жылдан бери төшөктө жатат, 2-топтогу майып. Нариман айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелерди акчага соодалап, 5 миң долларга саткан. Бизде андай көп суммадагы акча жок. Бизге окшоп акчасы жоктор жер ала албай, бир үйдө 3-4 үй-бүлө жашаган учурлар көп», - деди С.Кочкорова.

Жери жок үй-бүлө президентке чейин арыз жазып, бирок натыйжа болбогондуктан коомчулукка кайрылууга аргасыз болгонун белгилешти.

IMG-20170217-WA0111

Ал эми Нариман айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жер сатылып жатат деген маалыматты четке кагып, 2007-жылдан бери сугат жерлер тилке катары берилбей калганын белгиледи.

«Эгер турак-жай курууга каралган жер бар болсо, анда ал жашоочуларга берилиши керек. Бирок, жер эч качан сатылбайт. 2007-жылдан бери сугат жерлерге мораторий киргизилип, тилке болуп берилбей калган. Нариман айыл өкмөтүндө көп жылдардан бери жер бериле элек. Айылга жаңы айыл өкмөт башчысы шайланып келди. Ал бул көйгөйдү көзөмөлгө алат», - деди Матраимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 801
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×