Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Баракелде

Москвада кыргызстандык таксисттин мойнуна тапанчадан ок атылды

Turmush -  Москва шаарында кыргызстандык жарандын мойнуна 30 жаштагы эркек киши травматикалык тапанчадан ок атты. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда «Москва» агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка айтылгандай, шаардын Замоскворечье районунан таксистке кол салган шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Шектүүнүн айтымында, белгисиз адам аны кемсинткени үчүн травматикалык тапанча менен ок аткан.

«Жабырлануучу такси кызматын көрсөткөн 29 жаштагы кыргызстандык жаран экени аныкталды. Ал мойнуна алган жаракаттан улам Н.Склифосовский атындагы Москва шаардык илимий-изилдөө институтуна жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3236
Көп окулду
×